Улуттук статистика комитети 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүндөгү негизги көрсөткүчтөрүн графиктэр аркылуу көрсөттү. Өнөр жай тармагында бардык негизги багыттар боюнча оң динамика байкалууда.
Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 819 млрд 618,2 млн сомду түзүп, бул 2024-жылга салыштырмалуу 10,6%га жогорулаганын билдирет. Ошондой эле, өлкөдөгү ишканалардын саны 2589га чейин өстү.
Тармактар боюнча көрсөткүчтөр
Өнөр жай өндүрүшүнө иштетүүчү өнөр жай эң чоң салым кошту. Бул сектордогу продукциянын көлөмү 650 млрд 825,3 млн сомду түздү, ал эми өткөн жылга карата 9,8%га өскөн.
Башка секторлордун көлөмү (сом)
Өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси 2025-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 110,6%ду түздү. Эгерде 2020-жылдын деңгээли менен салыштырсак, бул көрсөткүч 45,5%га жогорулаган.
2024 → 2025
- Өнөр жай продукциясынын көлөмү: 741,5 млрд сом → 819,6 млрд сом (▲ +11%)








