Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө структуралык өзгөрүүлөр байкалууда. Улуттук статистика комитети тарабынан берилген маалыматка ылайык, акыркы беш жыл ичинде иштетүүчү өнөр жайдын үлүшү 2021-жылдагы 75,9%дан 2025-жылы 79,4%га чейин өскөн. Бул көрсөткүч 3,5 проценттик пунктка жогорулаганын билдирет.
Ошол эле учурда, пайдалуу кендерди казуу секторунун үлүшү 11,4%дан 9,8%га чейин азайган. Ал эми электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоочу ишканалардын үлүшү 11,5%дан 9,9%га чейин төмөндөгөн.
Иштетүүчү өнөр жай үлүшү75,9% %79,4% % +3,5 п.п.
Өндүрүштөгү кесеңүүлөр
Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы өсүшүнө карабастан, айрым тармактарда продукция чыгаруунун кескин төмөндөшү байкалууда. Өзгөчө технологиялык жабдууларды чыгарууда терс динамика катталган.
2025-жылга карата өнөр жайдын башка тармактарында өсүш байкалууда: кен казууда 14,2%, иштетүүчү өнөр жайда 9,8%, электр энергиясы жана газ менен камсыздоодо 11,2%, ал эми суу менен камсыздоо жана таштандыларды иштетүү тармагында 23,1%га чейин өсүш катталган.







