Курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги борбор калаа Бишекектин 2050-жылга чейинки Генералдык планында өзгөртүүлөрдү сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.

Өзгөртүү Фрунзе, Суюмбаева, Огонбаев жана Гоголь көчөлөрүнүн аралыгында жайгашкан 0,83 гектар аянтты камтыйт.

Азыркы пландоо боюнча аталган жерге 5тен 8ге чейинки кабаттуу үйлөр, мансардасы менен куруу уруксат берилген.

Бирок министрликтин сунушу боюнча бул жерге 14 кабаттан жогору бийик турак жай комплекси курууга уруксат берүү пландалууда.

Андан тышкары, долбоордо коммерциялык жайлар жана соода объектиси куруу каралган.

Архитектуралык жана шаардын курулуш тармагындагы кеңеш Бишекекте бул долбоорду негизги болуп кабыл алып, андан аркы иштеп чыгууга жол ачты.