18-июлда Бишкек шаарында эң жогорку температура байкалган күн 2019-жылга туура келет. Аталган күнү абанын температурасы +39,5 градуска чейин жогорулаган.

Ал эми эң төмөн температура 1941-жылы 18-июлда катталып, анда +10,3 градус болгон.

Температуралык рекорддор күн сайынгы эң төмөн жана эң жогорку маани боюнча эсептелет. Бишкектеги күнүмдүк маалыматтар 1936-жылдан 2024-жылга чейинки учурду камтыйт, ал эми аба ырайынын аномалиялары 1898-жылдан баштап изилденет.

Бишкектин июнь айындагы орточо температура +22,9 градус болуп эсептелет. Жалпы байкоолордун ичинен 2019-жылдын июлу эң ысык ай катары белгиленген, орточо температурасы +28,7 градус болду.

Ал эми эң суук ай катары 1898-жылдагы июль катталган, орточо температурасы +21,8 градус түзгөн.

Синоптиктердин болжолдоосу боюнча, быйылкы 18-июлда Бишкекте аба ырайы ачык болот. Күндүз температура +39 градуска чейин көтөрүлөт, түнкүсүн болсо +25 градуска чейин төмөндөйт.