Бишкек шаарында 5-июлга тиешелүү температуранын рекорддук маалыматтары 1936-жылдан 2024-жылга чейинки күндөлүк өлчөмдөр менен бекитилген. Алар Погода и климат ресурсу тарабынан топтолгон.

Эң жогорку температура 1993-жылы

1993-жылдын 5-июлунда борбордо абанын температурасы +40,4 градуска чейин жеткен. Бул ошол күн үчүн катталган эң жогорку көрсөткүч.

Температуранын башка маанилүү фактылары

  • 5-июлда катталган эң төмөн температура 2000-жылы +9 градус болгон.
  • Бишкектеги июнь айынын орто температурасы +22,9 градус деп эсептелет.
  • 2019-жылдын июль айы Бишкекте эң ысык ай болгон, орточо температурасы +28,7 градусну түзгөн.
  • 1898-жылы июль айы орто эсеп менен эң суук ай болуп эсептелет, анын температурасы +21,8 градус болгон.

Бул күндөрдө болжолдуу аба шарттары боюнча синоптиктер шаарда аз булуттуу, жаан-жашынсыз жана температура күндүз +30, кечинде +19 градуска чейин көтөрүлөрүн кабарлашты.