Түркиянын Эрджиш районундагы Улуу-Памир айылында салтанаттуу «Улуу-Памир» маданий фестивалы уюштурулду. Бул иш-чаранын алкагында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы кеңири белгиленди.

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жастар саясаты министрлиги маалымдагандай, башкы максат - чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер менен маданий жана руханий байланыштарды бекемдөө, улуттук каада-салттарды жана «Манас» эпосун жайылтуу болгон.

Иш-чарада Кыргызстандын улуттук маданиятын жанданткан концерттик программа уюштурулду. Программга «Манас» Улуттук театрынан Тынчтык Эсенбай уулу, Чыңгызхан Кожошев, Бакыт Шаршеналиев, ошондой эле акындар Улукбек Токтоболот уулу, Бермет Калиева жана Алтынай Бекболотова катышты.