Азимжан Аскаров 2020-жылдын 25-июлунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 мекемесинде көз жумган. «Бир Дүйнө – Кыргызстан» уюмунун айтымында, анын өлүмүнө алты жыл өткөнүнө карабай, мамлекет толук кандуу жана көз карандысыз иликтөө жүргүзгөн эмес.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, 69 жаштагы Аскаровдо оорунун оор белгилери пайда болгондо, ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Уюм адвокаттардын аны ооруканага жаткыруу жана текшерүүдөн өткөрүү боюнча кайрылуулары жоопсуз калганын белгилейт.

Билдирүүдө айтылгандай, Аскаров көз жумганга бир күн калганда №47 мекемесине которулуп, ал жерде ага «тастыкталбаган COVID-19» диагнозу коюлуп, кычкылтекке кошулган.

Ошондой эле укук коргоочулар адвокаттар Аскаровдун дарыгерлерин, коштоп жүргөндөрүн жана камералаштарын суракка алууну, медициналык документтерди изилдөөнү бир нече жолу суранганын билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, соттор тергөө органдарынын аракетсиздигин алты жолудан ашык мыйзамсыз деп тааныган.

Уюмдун ырасташынча, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2025-жылдын 3-февралында акыркы мындай чечимди чыгарган, бирок ал ушул күнгө чейин аткарылган эмес.

«Бир Дүйнө – Кыргызстан» уюму бул иш боюнча Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын жоболору бузулган деп эсептейт. Уюм ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин эске салды.