Министрлер Кабинети фискалдык программалык камсыздоону колдонуу тартибин жана аны колдонуу милдеттүү болгон ишмердүүлүктүн түрлөрүн бекиткен. Бул боюнча №737 токтом 2026-жылдын 4-ноябрында кабыл алынган. Документте фискалдык программаларды белгилүү бир категориядагы бизнес үчүн жана белгилүү бир аймактарда этап-этабы менен киргизүү каралган.
Биринчи этап: 2026-жылдын августу
2026-жылдын 1-августунан тарта Бишкек, Манас жана Ош шаарларында төмөнкү мекемелер үчүн фискалдык программаларды колдонуу милдеттүү болот:
- 100ден ашык орундуу же залынын аянты 100 чарчы метрден ашык болгон ресторандар, барлар, тамак-аш берүүчү ишканалар жана фастфуд түрдөрү
- бир товардык белги атында иштеген тармактык тамак-аш берүүчү мекемелер
- 50ден ашык керебет оруну бар мейманканалар
- кызмат көрсөтүү аянты 150 чарчы метрден ашык болгон мончолор жана сауналар
Кийинки мөөнөттөр
2027-жылдын 1-февралынан баштап талаптар кеңейет. Бул этапта Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарларында жана бир катар райондордо 80дан ашык оруну же залы 80 чарчы метрден ашык болгон ресторандар, мейманканалар, май куюучу станциялары (АЗС) жана ири мончолор үчүн программаны колдонуу шарт болот.
Ал эми 2027-жылдын 1-августунан баштап медициналык борборлор жана башка саламаттыкты сактоо уюмдары фискалдык программаларды колдонууга тийиш болот.
- 2026-жыл, 1-август
Бишкек, Манас жана Ош шаарларында биринчи этаптын башталышы
- 2027-жыл, 1-февраль
Талаптардын кеңейиши жана башка шаарлардын кошулушу
- 2027-жыл, 1-август
Медициналык мекемелердин өтүү мөөнөтү
- 2029-жыл, февраль
Процесстин толук аякташы












