Бишкек инновациялык борборунда балдардын потенциалын ачуу жана келечектеги кесибин тандоого жардам берүү максатында жаңы билим берүү программалары ишке ашырылууда. Бул долбоор мамлекеттик колдоо менен ишке ашырылып жатат.

«Кыргызстандын жашыл энергетикасы: илимди өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар» форумунда бул тууралуу маалымат берилди. Окуу программасы бир нече форматта сунушталат: заманбап технологиялар менен таанышуу үчүн бир күндүк жана бир айлык курстар, ошондой эле тереңдетилген даярдык курстары каралган.

Үч жылдык окутуу жана багыттар

Толук масштабдуу билим берүү программасы үч жылга эсептелген жана анын ичинде 11 багыт камтылган. Программага кабыл алуу үчүн окуучулар конкурсдук тандоодон ийгиликтүү өтүшү керек.

6-14жаш курагындагы балдар
11окутуу багыттары
3жылдык программа