Ар бир жылдын 1-декабрында белгиленген Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата Бишкекте маалыматтык жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин Анкара көчөсү, 315 дарегинде жайгашкан Vefa соода борборунда борбордун мекендештери жана коноктору үчүн маалыматтык акция өткөрүлөт.
Иш-чаранын программасы
- ВИЧ жана вирустук гепатит В үчүн акысыз экспресс-тесттен өтүү
- туура жооптор үчүн пайдалуу белектер
- адистердин маалыматтык консультациялары
Буга чейин 27-ноябрда Республикалык гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунда ачык эшиктер күнүнүн алкагында ВИЧга акысыз тестирлөө жүргүзүлө тургандыгы айтылган.







