Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы алты айында вирустук гепатиттер текшерүүсүнө дээрлик 500 миң адам катышты. Бул тууралуу Республикалык гемоконтакттык вирустук гепатиттер жана СПИДти көзөмөлдөө борборунун адистери басма сөз жыйынында маалымдашты.
Алардын ичинен вирустук гепатит Вге 235 миңден ашык, вирустук гепатит Ске 234 миңден көбү, ал эми гепатит Dге 20 миңден көп адам текшерүүдөн өттү.
Вирустук гепатитти текшерүү
Азыркы учурда дарыланып жаткандар төмөнкүдөй: гепатит В менен 6 229 киши, В жана D гепатиттеринин коинфекциясы менен 3 244 адам, гепатит С менен 7 541 бейтап. Алардын ичинен 6 573 киши толук дарыланып, туруктуу вирусологиялык жоопту алган.












