23-ноябрда, болжол менен саат 20:16де, Бишкекте жол кырсыгы болду. Курьер веложол менен жүрүп бара жатканда, жолго 7-8 жаштагы кыз чуркап чыгып кеткен. Кыздын жанында энеси болгон, бирок ал ошол учурда колягадагы башка баласы менен алек болуп жаткан.}}{"type":"paragraph","data":{"text":"Веложол жолдун ортосундагы унаалар жүрүүчү тилкеси менен бүткөн жерде, курьер кызды кагып албаш үчүн кезгилте бурулуп кеткен. Натыйжада ал ак түстөгү Toyota Camry 75 унаасы менен кагылышкан. Унаанын капталы бассап калып, олуттуу бузулган."}},{

Курьер кырсыктан кийин унаа айдоочусуна кызды кагып албаш үчүн кезгилте бурулуп кеткенин түшүндүрүүгө аракет кылган. Бирок айдоочу анын сөзүн укпай, милицияны чакырган. Курьердин жанында керектүү документтери жок болгондуктан, ал иштеп жаткан ижарадагы велосипеди штрафтык аянтчага алып кетишкен.}}{"type":"paragraph","data":{"text":"Азыркы учурда унаа ээси курьерден 70 000 сом компенсация талап кылууда. Ал эми курьердин жакындары анын жакынкы эки жума гана иштеп баштаганын жана үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн эмгектенип жатканын айтып, жардам сурашууда."}}],

Курьердин досунун айтымында, ал ата-энеси жок, өзү энесине жана сиңдисине кам көрүп келет. Бул окуя анын жашоосуна олуттуу таасир этүүдө.