Жаңы токтомго ылайык, мамлекеттик органдар экономикалык же финансылык туруктуулукка коркунуч келтирүүчү санкциялык тобокелдиктер тууралуу билдирүү же эскертүү алган учурда мындай чараларды көрө алышат.
Салык кызматкерлери ЭСФ системасындагы эсептик жазууларды төмөнкү учурларда токтото алышат:
- электрондук эсеп-фактуралар жазылган товарлар жок болсо;
- продукциянын келип чыгышы жөнүндө документтер жок болсо;
- товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндө жеткирилиши тастыкталбаса;
- салыктык отчеттор берилбесе;
- экспорттук жеткирүүлөр тастыкталбаса.
Андан сырткары, салык органдары ишкердин арызысыз эле ККМди каттоодон чыгарууга укуктуу. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санкциялык тобокелдиктер жок экени тууралуу билдирүү берсе, кассалардын иши ишкердин арызысыз эле кайра калыбына келтирилет.
Бул өзгөртүүлөр Президенттин 2026-жылдын 3-июнундагы Жарлыгынын аткарылышы үчүн киргизилди. Анда Экономика жана коммерция министри мамлекет башчысынын санкциялык саясат жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган.






