Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү, АКШнын CDC борборлору жана PEPFAR программасынын колдоосу менен жүргүзүлгөн көп жылдык иштер АИВ инфекциясына каршы күрөшүүдө олуттуу жыйынтыктарды берди. Бул маалыматтарды АИВ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди көзөмөлдөө боюнча республикалык борбор тарабынан уюштурулган иш-чарада тааныштырышты.

2017-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилдеги биргелешкен иштердин жыйынтыгы боюнча, бейтаптардын өзүнүн статусун билүүсү жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейген.

Негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү

78%өз статусун билгендер
80%дарылоо менен камтуу
91%вирустук жүктөмү басылган бейтаптар
КөрсөткүчМурдаАзырӨзгөрүү
АИВ статусун билгендер59 %78 % +32%
Антиретровирустук терапия51 %80 % +57%
Вирустук жүктөмү басылган бейтаптар58 %91 % +57%

Кызматташтыктын алкагында АИВ менен жашаган адамдарды тестирлөө жана аларды тиешелүү терапия менен камсыздоо боюнча системалык иштер жүргүзүлүүдө.