Нарын шаарындагы мектепте окуучуларга ВИЧ/СПИД вирусунун жугуу жолдору жана андан коргонуу чаралары тууралуу айтып беришти. Turmush корреспондентинин билдирүүсүнө караганда, иш-чара «Кыргызстандагы коопсуздук маршруту» деген темада өткөрүлдү.

Семинарды мектептин медайы Мира Осмонова алып барган. Ал окуучуларга оорунун алдын алуунун маанилүүлүгүн жана өз ден соолугуна жоопкерчилик менен кароону түшүндүрүп берди.

Семинардын негизги темалары

  • «Сенин тандооң»
  • «ВИЧтин алдын алуу»
  • «Өзүңдү сакта»
  • «Контрацепция ыкмалары»
  • «ВИЧтин жугуу жолдору»

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар өзүн кызыктырган суроолорду берип, алардын жоопторун алышты. Семинардын негизги максаты — өспүрүмдөрдүн ВИЧ/СПИД боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу жана өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жолдору жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү.