Бишкек шаарында «Коопсуз мектептерден улуттук инвестициялык программага карай» аттуу конференция болуп өттү. Анда өлкөдөгү мектеп инфраструктурасын өнүктүрүү жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо маселелери каралды. Катышуучуларга мектептерди жакшыртуу боюнча инвестициялардын планы жана биринчи кезектеги муктаждыктар тааныштырылды.
Конференциянын ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты, тиешелүү комитеттин төрагасы Ырысбек Атажанов, Агартуу министрлигинин орун басары Надира Джусупбекова жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Хью Ридделл сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун жыйынтыктары көрсөтүлдү. Бул долбоордун алкагында мектептердин абалы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр көрсөтүлгөн:
Агартуу министрлигинин орун басары Надира Джусупбекова долбоордун алкагында курулган мектептерде өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле имараттар жер титирөөгө туруктуу жана абанын сапатын көзөмөлдөө системалары менен жабдылган.















