Бириккен улуттардын ВИЧ/СПИД боюнча объединенная программасы (ЮНЭЙДС) 1-декабрда белгиленүүчү Дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүн алдында жаңы отчеттун жыйынтыктарын жарыялады.
Дүйнөлүк масштабда 2010-жылга салыштырмалуу жаңы жугуштуу учурлар 42 пайызга, ал эми СПИДден каза болгондордун саны 57 пайызга азайган. Бирок Борбордук Азия жана Чыгыш Европа аймагында бул көрсөткүчтөр тескерисинче өсүп кетти.
2010-жылга салыштырмалуу өсүш
Аталган аймакта ВИЧ менен жашаган адамдардын саны абдан чоң. 2025-жылы аймакта 120 миң адамга ВИЧ диагнозу коюлуп, 43 миң адам СПИДге байланыштуу оорулардан каза болгон.
2 млн адам аймакта ВИЧ менен жашайт
Борбордук Азия жана Чыгыш Европа аймагында жалпысынан болжол менен эки миллион адам ВИЧ вирусу менен жашап жатат.
Оорунун алдын алуу жана дарылоо жагынан да олуттуу көйгөйлөр бар. Аймактагы ВИЧ менен жашаган адамдардын 83 пайызы өзүнүн статусу тууралуу билишсе да, антиретровирустук терапияны болгону 56 пайызы гана алышат.
Мындан тышкары, вирусдик жүктөмдүн басылышы (подавленная вирусная нагрузка) көрсөткүчү дүйнөдөгү эң төмөн деңгээлде бой жарып, аймакта бул көрсөткүч 48 пайызды гана түзөт. Бул көрсөткүч төмөн болсо, адам вирусду жыныстык жол менен башкаларга өткөрө албайт.
Аймактагы эпидемиянын өсүшүнө негизги себеп катары ВИЧ менен жашаган адамдарга карата болгон дискриминация, стигма жана катаал мыйзамдар көрсөтүлүп жатат.





