Кыргызстанда инфраструктуралык долбоорлордун, энергетикалык кубаттуулуктардын, өнөр жайдын жана санариптештирүүнүн өнүгүшү учурунда илимдин, инновациялардын жана жаңы технологиялардын мааниси артып жатат. Өлкөнүн технологиялык келечеги илимий-инновациялык жетишкендиктердин өндүрүшкө канчалык деңгээлде киргенинен, бизнеске канчалык пайда алып келеринден жана мамлекеттик мекемелерде натыйжалуу колдонулушунан көз каранды болот.
Бул максатта илимди билим берүү, өндүрүш, бизнес жана мамлекеттик башкаруу менен байланыштырган инновациялык экосистема түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Ушул себептен улам, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 29-ноябрь күнү Бишкек шаарында «ILIMFEST - 2026» республикалык илим жана технологиялар фестивалын өткөрөт.
Жаштарды илимге тартуу
Бул иш-чара коомчулукту илимдин жана технологиялардын жетишкендиктери менен тааныштырууга, ошондой эле жаштарды илимий изилдөөлөргө, робототехникага, инженерияга жана санариптик технологияларга тартууга багытталган. Бүгүнкү күндө мамлекеттердин экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү бир гана табигый ресурстар же өндүрүштүк кубаттуулуктар менен эмес, илимий потенциал, технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана адам капиталынын сапаты менен аныкталат.
Технологиялык өнүгүү башаты
Санариптик трансформация дүйнөлүк экономиканын бардык тармактарына таасир этүүдө. Жасалма интеллект, робототехника, машиналык үйрөтүү, автоматташтырылган өндүрүш, маалыматтык технологиялар жана инженериялык чечимдер жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жашоого кирип жатат.















