Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлгөн бул хакатон жаш муундун санариптик көндүмдөрүн арттыруу жана алардын технологиялык потенциалын ишке ашыруу үчүн аянтча болуп калды. Иш-чаранын алкагында окуучулар алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, өз идеяларын инновациялык долбоорлорго айландырууга мүмкүнчүлүк алышты.
Хакатондун негизги максаты — балдардын заманбап IT-көндүмдөрүн практикалык жактан өнүктүрүү жана аларды стартап-маданиятынын негиздери менен тааныштыруу. Бул процесс идеяны жаратуудан баштап, иштеген прототипди түзүүгө, андан кийин аны презентациялоого жана коргоого чейинки этаптарды камтыйт.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев катышты. Хакатон учурунда командалык иштөөгө, креативдүү ой жүгүртүүгө жана актуалдуу маселелерге технологиялык чечимдерди табууга өзгөчө көңүл бурулду.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана мектеп окуучуларынын потенциалын ачууга багытталган демилгелерди колдой турганын билдирди. Мындай иш-чаралар борбор калаанын санариптик келечегине салым кошо турган жаңы муунду калыптандырууга өбөлгө түзөт.











