Билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, акыркы беш жыл ичинде өлкө боюнча 800ден ашык билим берүү объектилери курулуп жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Курулган же оңдолгон объекттер

482мектеп
165бакча

Мектепке чейинки билим берүүгө камсыздоо 51%га жетти. Бул максатта кыска мөөнөттүү жана үй бакчалары ачылып, жеке менчик мекемелерге жеңилдетилген кредиттер берилген. Натыйжада бала бакчалардын саны 349га көбөйүп, 61 миңден ашык бала кошумча окутуу менен камсыз болду.

12 жылдык окутууга өтүү жана санариптештирүү

Билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири — 12 жылдык мектептик билим берүүгө этап-этабы менен өтүү болуп саналат. Бул алкакта мамлекеттик стандарттар, окуу программалары жана окуу китептери жаңыланды. Ошондой эле мектептерде психологдордун кызмат орундары киргизилип, шахмат кружоктору жана алдын ала профилдик окутуу башталды.

Мугалимдерди колдоо

73 000мугалим окуду
53 000ноутбук менен камсыз болду

Реформалардын натыйжасында мугалимдердин эмгек акысы 100%га жогорулоосун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары, кесиптик билим берүүдө жаңы жумушчу адистиктер пайда болуп, дуалдык окутуу 94 кесиптик лицейдин 71 ишинде ишке ашырылды, бул 6 миңге жакын окуучуну камтыган.

Билим берүү кызматтарын санариптештирүү иштери да улантылууда. Ата-энелер үчүн bilim.gov.kg порталы иштетилип, ал аркылуу онлайн каттоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилди.