Бишкекте жана Чүй облусунда 22-октябрдан тарта майда фракциялуу көмүрдү (0–13 мм) ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган. Тыюу жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга тиешелүү эмес.
Мэриянын маалыматы боюнча, мамлекеттик органдар жана муниципалдык кызматтар чектөөлөрдүн сакталышын текшерип, бааларга мониторинг жүргүзүп, калкты уруксат берилген катуу отун түрлөрү менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө.
Документтен
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жылуулук менен камсыздоо ишканаларына жеткирүүлөрдү кошпогондо, 0–13 мм өлчөмүндөгү майда фракциялуу көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат.
Текшерүүлөр жана түшүндүрүү иштери
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкектеги көмүр кампаларында рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Инспекторлор көмүрдүн фракциялык курамын, радиациялык фонду текшерип, тыюу салынган көмүрдүн жоктугун көзөмөлдөөдө.
Кампа ээлерине мыйзам талаптары түшүндүрүлүп, эскертүү баракчалары тапшырылууда. Бүгүнкү күнгө чейин ишкерлер арасында 40 түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Жеңилдетилген насыялар
Көмүр менен жылытуудан баш тарткысы келген тургундарга жеңилдетилген насыялар каралган. Бишкектин жана Чүй облусунун жашоочулары газ тармагына кошулуу, газ жабдууларын сатып алуу жана орнотуу үчүн 12 же 24 айга жылына 3 пайыздык үстөк менен 150 миң сомго чейин насыя ала алышат.
"Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында борбор калаанын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары 5 жылга чейин жылына 6 пайыздан баштап 1 миллион сомго чейин насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Каражат жылуулук насосторун, электр казандарды жана күн энергиясы менен иштеген жабдууларды сатып алууга жумшалышы мүмкүн.
Программага "Элдик Банк", "АБанк" жана "Бакай Банк" катышууда. Насыянын шарттары жана арыз берүү тартиби тууралуу толук маалыматты банктардан алууга болот.




















