Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, жылытуу мезгилинин башталышына байланыштуу шаар тургундарына көмүр отунунун айрым түрлөрүн колдонууга чектөөлөр эске салынды.

Мэрия борбор калаанын тургундарын белгиленген чектөөлөрдү сактоого жана көмүр сатып алууда анын фракциялык курамына көңүл бурууга чакырат.

Мэрия борбор калаанын тургундарын белгиленген чектөөлөрдү сактоого жана көмүр сатып алууда анын фракциялык курамына көңүл бурууга чакырат.
Бишкек шаарынын мэриясынын билдирүүсүнөн

Токтомдун аткарылышынын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдар жана муниципалдык кызматтар тарабынан көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле калкты уруксат берилген көмүр түрлөрү менен камсыздоо жана бааларга мониторинг жүргүзүү чаралары каралган.

Газдаштыруу боюнча жеңилдетилген насыя

Экологиялык жактан таза жылытуу тутумдарына өтүүнү каалаган жарандарды колдоо үчүн жеңилдетилген насыялоо программалары каралган.

Газдаштыруу программасынын алкагында Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары төмөнкүдөй шарттарда насыя ала алышат:

  • суммасы — 150 000 сомго чейин;
  • пайыздык чен — жылына 3%;
  • мөөнөтү — 12 же 24 ай.

Каражаттар газ тармактарына туташууга, газ менен жылытуучу жабдууларды сатып алууга жана орнотууга берилет. Насыялоо «АБанк» ААК жана «Элдик Банк» ААК аркылуу жүргүзүлөт.

«Абанын сапатын жакшыртуу» долбоору

Мындан тышкары, «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкектин, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары жылуулук насосторун, электр казандарын жана күн энергиясы менен иштеген орнотмолорду кошкондо, экологиялык жактан таза жылытуу тутумдарын сатып алууга жана орнотууга насыя ала алышат.

Насыялоонун шарттары:

  • суммасы — 1 000 000 сомго чейин;
  • пайыздык чен — жылына 6%дан;
  • мөөнөтү — 60 айга чейин.