Инспекторлор көмүрдүн фракциялык курамын, радиациялык фонун жана 0–13 мм өлчөмүндөгү майда көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга киргизилген чектөөлөрдүн сакталышын текшеришет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Документтен
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жылуулук менен камсыздоо ишканаларына жеткирүүлөрдү кошпогондо, 0–13 мм өлчөмүндөгү майда фракциядагы көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынат.
Кампалардын ээлерине жана жооптуу адамдарга мыйзамдын талаптары түшүндүрүлүп, эскертүү баракчалары тапшырылууда. Бүгүнкү күнгө чейин ишкерлер арасында 40 түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Рейддердин негизги көрсөткүчтөрү
Көмүрдүн сапатын текшерүү шаардын абасын таза кармоого багытталган. Майда фракциядагы көмүр күйгөндө абага көбүрөөк зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат, ошондуктан аны колдонууну чектөө экологиялык кырдаалды жакшыртууга шарт түзөт.











