Жогорку Кенештин отурумунда шаардагы балдардын кыргыз тилин билүү деңгээли төмөн экендиги көтөрүлдү. Депутаттар мамлекеттик тилди үйрөтүү үчүн жаңы демилгелерди сунуштап жатышат.
Махабат Мавлянованын айтымында, шаардагы балдар кыргыз тилин жакшы билбейт. Ошондуктан, бардык бала бакчаларды мамлекеттик тилге өткөрүп, мектептерде окуу программасынын 30 пайызы кыргыз тилинде болушу керек деп билдирди.
Депутат Дастан Бекешев мектептерди тилге өткөрүүдөн мурун акысыз курстарды ачуу зарыл экенин белгиледи. Ал пилоттук долбоор катары Бишкектин ар бир районуна экиден мугалим жалдап, бул иштин чыгымдары 5-10 миллион сомду түзө аларын айтты.
Мамлекеттик тил жана тилдик саясат боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Мелис Мураталиев акысыз офлайн-курстарды ачуу маселеси каржылоого байланыштуу экенин белгиледи. Ал комиссия 2027-жылдан баштап кыргыз тилин акысыз үйрөтүүчү платформаны ишке киргизүүнү пландап жатканын билдирди.













