Кылмыш окуясы 17-ноябрда саат 16:00 чамасында Бишкектеги имараттардын биринде болгон. Төрт белгисиз адам тапанчага окшош курал менен коркутуп, жабырлануучунун кара түстөгү сумкасын жана уюлдук телефондорун күч колдонуу менен тартып алышкан.

Каракталган мүлкүнүн ичинде унааларды сатып алуу үчүн даярдалган чоң суммадагы акча, чет өлкөлүк паспорт жана уюлдук байланыш каражаттары болгон. Бул каражаттар логистикалык компанияга жеткирилиши керек болчу.

Сумканын ичиндеги каражаттар

988 500доллар
200 000сом

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, видеокөзөмөл камералары аркылуу шектүүлөрдүн колдонушкан унаалары жана алардын кыймыл-аракети такталган. Натыйжада Бишкектен үч адам кармалып, коңшу өлкөгө качып кеткен дагы жети шектүү да аныкталып, кармалган.

Тергөө учурунда табылган акчалардын бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

  • Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынан — 300 000 доллар
  • Коңшу өлкөдө кармалган шектүүнүн унаасынан — 100 000 доллар
  • Чүй районундагы айылдардын биринде контейнердин астынан — 410 000 доллар

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча тергөө иштери уланууда.