Жогорку Кенештин отурумунда депутат Уланбек Жаанбаев билим берүү тармагына миллиарддаган сом жумшалып, окуу куралдары чыгарылып жатканына карабастан, өлкөдөгү балдар кыргыз тилин эркин сүйлөй албай жатканын белгиледи.

СторисБилим берүүгө миллиарддар жумшалат, бирок тил маселеси чечилбей жататСлайддар: 6
  1. Билим берүүгө миллиарддар жумшалат, бирок тил маселеси чечилбей жатат
  2. Негизги көйгөй. Билим берүүгө чоң каражаттар бөлүнүп жатканына карабастан, жаштардын кыргыз тилин билүү деңгээли төмөн болууда.
  3. 57 % — кыргыз тилинде окуган мектептер
  4. 40 % — орус тилинде окуган мектептер
  5. «Биз акча бөлүп жатабыз, бирок балдарыбыз кыргыз тилин билбейт, сүйлөй албайт. Бул багытка көңүл буруу керек.» — Уланбек Жаанбаев
  6. Күтүлүүчү жыйынтык. Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча так статистиканын жоктугу жана мектептердеги окутуунун сапатын жогорулатуу зарылчылыгы айкын болууда.

Депутат Билим берүү жана илим министри Догдуркуль Кендирбаевадан өлкөдөгү мектептердин кайсы тилде окутуусу боюнча статистиканы сурады. Бирок министр так маалыматты дароо айта алган жок, бул парламенттин мүчөсүнүн сынга алуусуна алып келди.

Мектептердин тилдер боюнча бөлүштүрүлүшү

57%кыргыз тилинде окуган мектептер
40%орус тилинде окуган мектептер
3%өзбэк тилинде окуган мектептер
Биз акча бөлүп жатабыз, бирок балдарыбыз кыргыз тилин билбейт, сүйлөй албайт. Бул багытка көңүл буруу керек. Орус жана англис тилдерин билүү чоң артыкчылык, бирок жаңы муун өз эне тилин да билиши шарт. Мен сизден бул багытта жүргүзүлгөн иштер боюнча эч кандай маалымат көрбөдүм, ал эми сиз азыр статистиканы да билбей жатасыз. Бүгүнкү күндө жумушка орногусучулар да, президенттикке талапкерлер да мамлекеттик тилди билүү боюнча текшерүүдөн өтө албай жатышат. Мектептерде кыргыз тилин окутуу начар.
Уланбек Жаанбаев

Депутаттын айтымында, келерки жылы кыргыз тилин өнүктүрүүгө 124 миллион сом бөлүнөт, бирок бул сумма жетишсиз деп бааланат.

Министр Догдуркуль Кендирбаева өз жообунда кыргыз тили бала бакчадан баштап 12-класска чейин үйрөтүлөөрүн билдирди.