Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Максутов «Ачык кабинет» иш-чарасында 2026-жыл үчүн кирешелердин болжолдуу көлөмү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык жана салыктык эмес кирешелердин жалпы суммасы 308 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч салыктык кирешелерден 304,3 млрд сомду, ал эми салыктык эмес кирешелерден 4,1 млрд сомду түзөт.
Кирешелердин көлөмү308 млрд сом410 млрд сом +33%
Кирешелердин баштапкы планы 321 млрд сомду түзүп келген. Бирок май айында Министрлер Кабинети мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгымдарына байланыштуу планды 28 млрд сомго көбөйткөн. Бул каражаттар мугалимдердин жана дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга, ошондойдой Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө жумшалууда.
Учурда, январьдан октябрга чейинки мезгилде салыктык түшүүлөр 338 млрд сомду жете алды, бул жылдык пландын аткарылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Салык кызматынын болжолу боюнча, жылдын аягында жалпы түшүүлөр 410 млрд сомго чейин жетиши мүмкүн.
2025-жылдагы түшүүлөрдүн түзүмү







