Кыргызстанда туристтик жайгаштыруу объектилерин классификациялоо системасы аныкталды. Жаңы тартип боюнча мейманканаларга бирден беш жылдызга чейин категория берилсе, тоолуу жана айылдык конок үйлөрүнө «Эдельвейс» улуттук категориясы, ал эми боз үй жана чатыр лагерлерине «Түндүк» категориясы берилет.

Аталган категориялардын деңгээли бирден үчкө чейин болушу мүмкүн. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында бул тууралуу маалымат берди.

Агенттиктин башчысынын айтымында, жылдыздуу классификация эл аралык стандарттарга жооп берсе, «Эдельвейс» жана «Түндүк» форматтары объектилердин сапатын баалоонун улуттук үлгүсү болуп саналат.

Эгерде сиз боз үй конушунда жайгашсаңыз жана «Түндүк-3» деген белгини көрсөңүз, бул сапат Мамлекеттик агенттик тарабынан эң жогорку деңгээлде тастыкталган дегенди билдирет. Ал эми беш жылдызды көрсөңүз, бул эл аралык стандарттарга шайкеш келет.
Эдуард Кубатов, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси

Бул системаны ишке ашыруу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча колдоо фонду алектенүүдө. Фонддун эксперттик тобу ар бир объектиге барып, алардын белгиленген талаптарга канчалык жооп берерин текшерет. Баалоонун жыйынтыгы боюнча эксперттик комиссия тиешелүү категорияны берүү чечимин кабыл алат.

Классификациялоо системасы

1-5мейманканалар үчүн жылдыздар
1-3«Эдельвейс» категориясы
1-3«Түндүк» категориясы
≈200кабыл алынган билдирмелер

Учурда категория алуу үчүн болжол менен 200 билдирме каралууда. Ошондой эле, Ысык-Көлдөгү жаңыланган «Казахстан» санаторийине беш жылдыздуу категория берилгени белгиленди.