Жогорку Кенештин отурумунда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү кароо учурунда депутат Махабат Мавлянова шаардагы балдардын кыргыз тилин билбегендигин жана бул тилде сүйлөшпөгөндүгүн белгиледи. Ал тилди өнүктүрүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

Эл аралык мектептерде окуган балдар европалыктар болуп калышты.
Махабат Мавлянова

Депутат 50 миллион сом бөлүнгөн каражаттын натыйжасы көрүнбөй жатканын баса белгилеп, мектептердеги сабактардын 30 пайызы кыргыз тилинде өтүшү керек деп эсептейт.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билим берүү министрлиги өз компетенциясынын алкагында чараларды көрүп жатканын айтты. Комиссия балдар үчүн мультфильмдерди түзүү жана контентти көбөйтүү боюнча иш алып барууда.

Мураталиевдин айтымында, негизги басым мектепке чейинки курактагы балдардын сүйлөй баштаган учуруна, башкача айтканда, бала бакчаларга жасалууда. Учурда балдар үчүн китептер жана жомоктор иштеп чыгуу жүрүп жатат.

50млн сом (2026-жылга)
200млн сом (2027-2028-жылдарга)

Бул максаттар үчүн бюджетке каражаттар бөлүнгөн. Мелис Мураталиевдин маалыматы боюнча, 2026-жылга 50 миллион сом каражат бөлүнгөн болсо, 2027-2028-жылдары бул сумманы 200 миллион сомго чейин жеткирүү пландалууда.

Мыйзам долбооруна ылайык, «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча мамлекеттик үлгүдөгү жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду алган адамдардан мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сертификат талап кылынбайт. Мындай диплом мамлекеттик тилди ортодон жогору деңгээлде билүүсүн тастыктайт.