Бишкектин Фрунзе көчөсү, 282А дарегиндеги курулуш иштерине жергиликтүү тургундар нааразы болушту. Алардын айтымында, 1-ноябрда курулуш аянтчасынан цемент аралашкан таштар ыргытылып, алардын бири балага тийген.
Окуянын кесепетинен баланын белине таш тийип, ошол эле жерде токтоп турган унаанын алдыңкы айнеги сынган. Бул учурду подъездге орнотулган көзөмөл камерасы так тартып алган.
Бул аймакта 24 кабаттуу көп функциялуу турак жай комплекси курулууда. Курулуш иштерин «Дунъян» Борбордук Азия кыймылсыз мүлк компаниясы» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Мурдатан келе жаткан чыр
Курулуштун башталышы эле жергиликтүү тургундар менен чыр-чатакка айланган. Сентябрда коңшу үйлөрдө жашагандар котлован иштелип башталгандан кийин короолорунда эки жарака пайда болгонун билдиришкен.
Алар котловандын коопсуздугун, тосмолордун жана бекемдөөлөрдүн абалын текшерүүнү, ошондой эле курулуш башталганга чейин коңшу үйлөрдү текшерүү жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүн тактоону талап кылышкан.
Куруучу компания иштердин мыйзамдуулугун талашып, тосмону жылдыруу пландары тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгы менен түшүндүргөн. Бишкек шаарынын мэри курулушту текшерип, аныкталган мыйзам бузууларды жоюуну тапшырган. Бирок курулуш иштери улантылган.

















