Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Контролдук башкармалыкка Арча-Бешик конушундагы балдар аянтчасынын курулушунун кечиктирилиши боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата иликтөө башталары белгилүү болду.
Иликтөөгө жергиликтүү тургундун арызы себеп болду. Анын айтымында, шаардыктарга Абдрахманов көчөсү менен 17-көчөнүн кесилишинде заманбап оюн аянтчасын куруп берүү убадасы экинчи жылдан бери берилип келет. Алгач бул максатка 14 миллион сом, ал эми ушул жылдын жазында 17 миллион сом бөлүнөрү айтылган. Бирок курулуш иштери дагы эле баштала элек, балдар чаңдуу бош жерде ойногонго аргасыз.
Талкуу учурунда Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлү документтер жакында эле даяр болгонун, участок азыр бөлүп берүү стадиясында турганын билдирди.
Кызматтык иликтөө жүргүзгүлө! Бул маселе эмне үчүн бир нече жылга созулду? Жер бөлүү дагы аяктай элек болсо, акча маселесин кантип чечтиңер? Силер жалган маалымат берип жатасыңар. Муну адат кылбагыла. Баарынын чеги бар. Эгер көтөрө албасаңар — түз айткыла: «Биз муну кыла албайбыз». Убадаларды бекер таратпагыла!
Шаар башчысы Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлүнүн отчетун сынга алып, аны ишенимсиз маалымат берди деп айыптады. Мэр жооптуу кызматкерлерге кайрылып, убадаларды аткарбай коюуга жол берилбестигин баса белгиледи.
Балдар аянтчасына каралган каражат












