Генералдык прокуратура Укук бузуулар кодексине жана «Кызыкчылык кагылышы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жеке кызыкчылыктары жөнүндө декларация бербегени үчүн 3 миң сом айып пул каралган. Туура эмес же толук эмес маалымат көрсөткөндүк үчүн — 5 миң сом.

Эгер кызмат адамы потенциалдуу же реалдуу кызыкчылык кагылышын жөнгө салуу боюнча чара көрбөсө, айып пул 15 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, бир жыл ичинде кызыкчылык кагылышы жөнүндө мыйзам талаптарын кайра бузган учурда, кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.

Дагы бир өзгөртүү эскертүүлөрдү колдонуу тартибине тиешелүү. Эгер Укук бузуулар кодексинин беренеси эскертүү менен айып пулдун ортосунда тандоону караса, биринчи укук бузуу үчүн милдеттүү түрдө эскертүү чыгаруу сунушталат. Бир жыл ичинде ушундай эле укук бузуу кайталанса, айып пул колдонулат.

Эскертүүлөрдүн кайталанышы тууралуу маалымат

Генпрокуратура негиздеме-маалымкатында эскертүүлөрдүн бир эле укук бузуучуларга кайра-кайра берилген мисалдарын келтирген. 2023-жылдын 1-чейрегинен 2026-жылдын 1-чейрегине чейин курал сактоо же ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 965 эскертүү берилген. Анын 853ү, башкача айтканда 12 пайызы, ушундай эле укук бузуу жасаган адамдарга кайра берилген.

Эскертүүлөр боюнча статистика

6 965эскертүү берилген
853кайра берилген эскертүү
12%кайталанган эскертүүлөрдүн үлүшү