Kaktus.media басылмасынын Call-борборуна Достук айылынын тургундары кайрылышты. Алардын айтымында, «Алтай» шаарчасынын курулуш аянтында өндүрүш калдыктары, анын ичинде резина жана пластик такай өрттөлүп келет.
Тургундар Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө муниципалдык инспекциясына жазган кайрылуусунда уулуу кара түтүн бөлүнүп, айыл боюнча жарылуулар угулуп, белгисиз баллондор атылып чыгып жатканын белгилешет. Адамдар дем ала албай, үйлөргө күйүк жыт кирип, өзгөчө балдар менен карылардын ден соолугуна түз коркунуч жаралууда.
Тургундар окуя болгон жерге инспектор жиберип, мыйзам бузууларды каттап, жооптууларды жоопко тартып, курулуш жетекчилигин таштанды өрттөөнү токтотууга милдеттендирүүнү суранышууда. Алар май айынын аягында дагы бир жолу айып салынганын, бирок бул натыйжа бербегенин кошумчалашты.
Мэриянын жообу
Бишкек мэриясы Kaktus.media басылмасына Достук айылынын тургундарынан курулуш аянтындагы таштанды өрттөө боюнча арыз келип түшкөнүн, андан соң «Кут» компаниясы («Астория Инвест» ЖЧКсы) курган «Алтай» шаарчасынын аймагында текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча «Астория Инвест» ЖЧКсына таштанды өрттөө фактысы боюнча протоколдор түзүлдү.










