Кыргызстандын Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ноокен районунун жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте БишкекОш жолунда абанын булганышын текшерүү үчүн рейд өткөрүштү.

Бул рейддин негизги максаты унаалардан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, атмосфералык абанын булганышын алдын алуу жана айдоочуларга экологиялык мыйзамдарды сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болгон.

Жалпысында 15 унаа текшерилди. Дым өлчөгүч аспабы аркылуу айрым транспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын нормадан ашык чыкканы аныкталды.

Ранее по темеНоокен районунда селдин кесепеттерин жоюуга 800дөн ашык адамдар иштеп жатат

Жыйынтыгында 3 айдоочу айып пулга жыгылып, жалпы 22 500 сом өлчөмүндө айыпка тартылды.