Мэриянын маалыматы боюнча, Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүктө бордюрлар орнотулуп, шагыл негизи жана асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Учурда люктарды жана аялдама павильондорун орнотууга даярдык көрүлүүдө.
Текшерүү учурунда мэр тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, чарбалык субъекттерди демонтаждоодон кийин аймакты тазалоо, №12 мектептин короосун тосуу, ошондой эле курулуп жаткан аялдаманын жанындагы тургундарга ыңгайсыздык жаратып жаткан бордюрларды тегиздөө зарыл.
Мындан тышкары, Гоголь көчөсүндөгү №111 жана №113 үйлөрдүн жанындагы чарбалык субъекттердин документтерин текшерүү жана мыйзамсыз орнотулган курулмаларды демонтаждоо тапшырылды.
«Бишкексвет» муниципалдык ишканасына электр мамыларын оңдоо тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү кызматтар №16 жана №20 үйлөрдүн жанындагы металл тосмолорду жана чарбалык объектилерди алып салып, чектеш аймакты көрктөндүрүүсү керек.
Свердлов районунун акими Бакыт Караевге берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат берүү тапшырылды.




















