«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүндөгү жарыктандыруу системасын жаңылоо жана монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Иштер Жумабек көчөсүнөн баштап Москва көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт.
Ишкананын кызматкерлери көчөнүн чыгыш тарабындагы монтаждоо иштерин толугу менен аякташты. Учурда адистер экинчи этапга өтүштү. Азыркы учурда көчөнүн батыш тарабы боюнча жарыктандыруу тиректерин орнотуу жана заманбап чырактарды монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, кечки убакта жөө жүрүүчүлөр үчүн көрүнүктүүлүктү жакшыртуу жана борбор каласса туруктуу шарттарды түзүү үчүн жасалууда.













