2026-жылдын 21-ноябрында борбор шаарда масштабдуу жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага мэрдин орун басарлары, райондук администрациялардын башчылары жана «Бишкекжаштандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.

Борбордук мэриянын маалыматы боюнча, жаңы өсүмдүктөр шаардын бир нече көчөлөрүндө жана мектептин короосунда отургузулду. Төмөндө кайсы жерде кайсы дарактар отургузулганы боюнча маалымат берилди:

  • Юнусалиев көчөсүндө (Горький көчөсүнөн А. Токомбаев көчөсүнө чейин) — 30 терек
  • Шабдан Баатыр көчөсүндө (Т. Фрунзе көчөсүнөн Садырбаева көчөсүнө чейин) — 100 клен
  • Жусуп Абдрахманов көчөсүндө (Чүй проспектисинен А. Токомбаев көчөсүнө чейин) — 70 эмен жана карагач
  • Жибек Жолу проспектисинде (Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин) — 45 клен
  • Гоголь көчөсүндө (Чүй проспектисинен Огонбаева көчөсүнө чейин) — 45 катальпа жана ясень
  • №58 мектептин короосунда — 70 клен жана 12 сакура

Бишкек мэриясы борбор шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштерди улантып турганын белгиледи.