ИнсанЭскерүүлөр: 3

Мамлекет тарабынан жаштар долбоорлорун каржылоо бир топ өскөн. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбековдин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылы бул сумма 60 миллион сомдон ашат.
Бишкек инновациялык борборунда 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр үчүн акысыз билим берүү программалары ишке кирди. Окуучулар робототехниканы, учар түзүлүштөрүн моделдөөнү жана альтернативдик энергетиканын негиздерин үйрөнө алышат.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаштардын демилгелерин колдоо максатында 1 миллион сомго чейин грант бөлүп берүүгө даяр экен. Бул каражаттар атайын комиссия аркылуу мамлекеттик социалдык заказ алкагында берилет.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.