Америкалык каржыгер Джеффри Эпштейн моделдик агенттиктер аркылуу Россиядан жана мурдагы СССРдин башка өлкөлөрүнөн келген жаш кыздарды өзүнүн тармагына тартып келген. Ошондой эле ал россиялык олигархтар жана жогорку кызматтуулар менен байланыш түзүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Reuters агенттиги 20-ноябрда жарыялаган изилдөөдө айтылган.
Журналисттер АКШ Юстиция министрлигинин жүздөгөн барактагы документтерин, сот материалдарын, электрондук кат алышууларды жана каржыгердин жеке учактарынын учуу журналдарын изилдешти. Мындан тышкары, анын ишмердүүлүгү жана Россиядагы байланыштары менен тааныш болгон 20ден ашык адамдан сураштырылган.
Курмандыктардын саны
Изилдөөдө аныкталган көрсөткүчтөр
Изилдөөнүн натыйжасында мурдагы Советтер Союзунан Эпштейндин сексуалдык эксплуатация тармагына түшкөн кеминде 17 аялдын инсандыгы аныкталды. Алардын арасында жаш өспүрүм кыздар да бар экени белгиленди.
Кыздарды кантип тартып келген
Reuters маалыматы боюнча, каржыгердин негизги орточусу — Чыгыш Европа жана мурдагы СССР өлкөлөрүндө жаңы баштаган моделдерди издөө менен алектенген француз моделдик агенти Жан-Люк Брюнель болгон. Моделдик агенттиктер аркылуу кыздарга АКШдагы карьералык мүмкүнчүлүктөр, анын ичинде белгилүү бренддер менен иштешүү мүмкүнчүлүгү сунушталган. Бирок алардын айрымдары кийин сексуалдык зомбулукка кабылган.
Курмандыктардын бири болгон россиялык Светлана Пожидаеванын айтымында, Эпштейн ага Victoria's Secret менен келишим түзүүгө жардам берерин убада кылган. 2009-жылы кыз АКШга көчүп келген жана кийинчерээк каржыгердин жеке жардамчысы болгон.







