5-ноябрь күнү «Ак-Тилек» жаңы конушундагы Ак-Шоокум көчөсүндө №80 «Баластан» балдар бакчасынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Жаңы мектепке чейинки мекеме 80 тарбиялануучуга ылайыкталган. Жер тилкенин аянты 0,2179 гектарды, имараттын жалпы аянты 1 041 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштерин «ПСО Адис Строй» жоопкерчилиги чектелген коому аткарды: имарат тургузулуп, суу түтүгү жана канализация тартылды.

Мэр Айбек Жунушалиев бөлмөлөрдү сарамжалдуу пайдалануунун жана мектепке чейинки мекемени өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал жаңы балдар бакчасында балдардын оюндары, тарбиясы жана билим алуусу үчүн зарыл шарттар каралганын айтты.

Ошондой эле шаар башчысы Свердлов районунун акимине балдар бакчасынын жанында унаа токтотуучу жай уюштуруу маселесин иштеп чыгууну жана керектүү иштерди аткарууну тапшырды.

«Баластан» балдар бакчасынын ачылышы «Ак-Тилек» жаңы конушунда жашаган үй-бүлөлөр үчүн мектепке чейинки билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.