Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 11-августта шаардагы социалдык объекттердин жана жолдордун курулуш иштерин кыдырып чыкты. Мэриядан кабарлагандай, ал «Ак-Тилек» конушундагы жаңы бала бакчанын курулушу менен таанышты.

Аталган бала бакчада азыркы учурда котельнаянын курулушу өтүп жатат жана имараттын ички жана сырттагы бүтүрүүчү иштерин жүргүзүлүүдө.

Андан соң мэр «Рухий-Мурас» конушундагы Анкара көчөсүнүн бойундагы тротуардын курулушуна көз салды. Бул тротуардын узундугу бир километрди түзөт.

Андан тышкары, ал «Кара-Жыгач» конушундагы Шаты көчөсүндөгү жол курулушуна барды. Бул участканын узундугу 616 метр, ал эми жолдун туурасы 7 метр болуп пландалган.