Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев анын чакыруусу менен Кыргызстанга иш сапары менен келген кытайлык BYD компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинети билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында асма монорельс транспортун куруу долбоорун ишке ашыруу маселелерин жана бул багыттагы келечектеги кызматташтык келечегин кеңири талкуулашты.
Долбоор биринчи кезекте социалдык багытка ээ экени жана борбор калаанын актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири — транспорттук жүктөмдү азайтууга, ошондой эле шаардагы жол кырдаалын жакшыртууга көмөктөшүүгө багытталганы белгиленди.
Тараптар долбоорду ишке ашырууда комплекстүү мамиленин маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын Бишкектин заманбап транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү, калктын мобилдүүлүгүн жогорулатуудагы жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуудагы потенциалдуу ролун белгилешти.
Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү жана башкалар катышты.
BYD компаниясы — BYD Company Limited (Build Your Dreams) — 1995-жылдын февралында негизделген, штаб-квартирасы Шэньчжэнь шаарында (Кытай) жайгашкан алдыңкы кытайлык жогорку технологиялык компаниялардын бири. Ал электромобилдерди жана аккумулятордук батареяларды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирет, ошондой эле шаардык рельстик транспорт багытын өнүктүрүүдө.















