УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында запастагы офицерлерди даярдоо курсун ийгиликтүү аяктаган, жогорку билимдүү аскер кызматчыларына «запастагы лейтенант» деген биринчи аскердик наам тапшырылды.

Салтанатка Кыргызстандын УКМК жетекчилиги, УКМК Академиясынын өкүлдөрү, кызматкерлер, курсанттар жана чакырылган коноктор катышты.

Расмий бөлүм аяктагандан кийин, аскер кызматчылары кол салгылаш урушунун элементтерин жана согуштук куралдарды колдонуу техникасын көрсөтүштү.