Султан Раев азыркы дүйнөдөгү татаал кырдаал, ар кандай чыр-чатактар жана маалыматтык тирешүүлөр журналистиканын ордуна жана ролуна өзгөчө маани берүүнү талап кыларын белгиледи.
Ал маалыматтык коопсуздук доорунда эл аралык журналистиканын ролуна өзгөчө маани берүү зарылдыгын баса белгиледи. Раевдин айтымында, бүгүнкү күндө эң татаал көйгөй жана дүйнөдөгү процесс — фейкизм. Бүткүл дүйнөлүк интернет мейкиндигин фейктер басып алды, коом менен аң-сезим күн сайын жалган маалымат менен ууланып жатат, бул үчүн алардын күнөөсү чоң. Ошондуктан фейкизм руханий террорго айланды деди.
Султан Раев эл аралык журналистиканын башкы милдети элдерди сөз менен бириктирүү болушу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанга эл аралык деңгээлдеги кесипкөй журналисттер жетишпей жатканын кошумчалады.












