Кыргызстандын аймагында полимердик пленкадан жасалган пакеттердин жана пластик буюмдардын жүгүртүүсүн чектөө жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу алкагында, Бишкекте маанилүү жолугушуу өттү. Талкуунун жүрүшүндө табигый ресурстар министрлиги пластик менен булганууга каршы күрөшүү боюнча улуттук жана дүйнөлүк саясат тууралуу презентация сунуштады.

Табигый ресурстар министрлигинин маалыматына ылайык, 2027-жылдан баштап айрым пластик буюмдарын жана салттуу полимердик пакеттерди колдонууга тыюу салууга рыноктун даярдыгы боюнча активдүү талкуулар жүргүзүлдү.

Негизги багыттар

Жаңы талаптарды натыйжалуу киргизүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар белгиленди:

  • кайра иштетүү секторун күчөтүү
  • импортту көзөмөлдөө
  • BIO деген жалган маркалоону токтотуу
  • полимердик пакеттердин биожаралуулугун аныктоо үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздоо жана сертификация

Талкуулардын жыйынтыгында бизнес коомчулугу менен макулдашууларга жетишилди. Бул процесстын алкагында полимердик пакеттердин жана бир жолку пластик идиштердин белгиленген тизмесине бизнес өкүлдөрү тарабынан түзөтүүлөр киргизилди.