Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облугу боюнча иш сапарын аяктады. Бул учурда анын иш графигинде жергиликтүү калк менен жолугушуулар да болгон.
Тон районундагы жергиликтүү ишкер соода түйүндөрү экологиялык чектөөлөргө карабай, полиэтилен пакеттерди кайрадан колдонуп жатканын айтып, Президентке даттануу менен келди. Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин көптөгөн соода челектери тыюу салынган пакеттерге кайтып келишкен.
Даттануу менен келген жаран мурда экологиялык таза пакеттерди чыгаруу боюнча цех ачып, азыркы учурда өз продукциясын райондун дүкөндөрүнө жеткирип жатканын белгиледи.
Президент ишкерге өндүрүштү кеңейтүү боюнча сунуш берди жана мындай цехтерди башка региондордо да ачуу зарыл экенин айтты. Садыр Жапаров өндүрүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө убада берди.
Документтен
Кыргызстандын аймагында полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын жүгүртүүсүн чектөө жөнүндө" Мыйзамына, ошондой эле Президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 Указына ылайык, Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында полимердик пленкадан жасалган пакеттерди колдонуу жана сатууга тыюу салынган.
- 2022-жыл, 26-апрель
Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча Президенттин № 131 Указы чыккан
- 2027-жыл, 1-январь
Өлкө боюнча полиэтилен пакеттерди чыгарууга, сатууга жана акысыз берүүгө толук тыюу салынат















