Бишкек шаарында интернет-платформалар аркылуу букмекердик коюмдорду кабыл алуу, оюн эсептерин толуктоо жана банктык карталарды колдонуу менен акча чыгаруу менен алектенген мыйзамсыз ишкана аныкталды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Издөө башкармалыгына букмекердик коюмдор жана онлайн-казино аркылуу мыйзамсыз оюн ишмердүүлүгүн уюштуруу, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарды легализациялоо тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
ИИМдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (жуулоо)» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Оперативдик-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө интернет-платформалар аркылуу акча каражаттарын кабыл алуу жана чыгаруу процесстери ачыкталган.
Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштуруучулар аныкталып, кармалды. Алар төмөнкү жаштагы жарандар болуп саналат:
Учурда кармалган адамдардын карамагына камакка алуу чарасы тандалды. Тергөө иштери улантылууда.












