Кыргызстандагы жеке мектептер жана бала бакчалар мамлекеттик билим берүү системасын толуктап гана койбостон, жаңы ыкмаларды киргизүү жана жалпы максаттарга жетүү үчүн өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Бирок толук кандуу өнөктөштүк үчүн мамлекет тарабынан көзөмөлдөн сырткары, колдоо көрсөтүү жана билим берүү уюмдарынын реалдуу муктаждыктарын эске алуу зарыл.
Мамлекет диалогга даяр
Кыргызстандын билим берүү системасында мамлекеттик жана жеке уюмдар бир гана жалпы максатты — балдардын сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөшөт. Алардын иштөө шарттары жана каржылоо булактары ар башка болгону менен, максат бирдей.
Билим берүү министрлигинин орун басары Виктория Мозгачева ведомство жеке сектор менен ачык диалогга даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, министрлик келип чыккан маселелерди карап чыгууга жана билим берүү уюмдарынын иши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр.
Мозгачеванын маалыматы боюнча, жеке мектептер жана бала бакчалар билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен бирге, бул тармакта ишкердикти да өнүктүрүп келишет. Ошондуктан алардын сунуштары бүтүндөй билим берүү системасы үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.
Ошондой эле, мамлекеттик жана жеке уюмдардын ортосунда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.











