Рейд Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 23-июлда башталып, 24-июлда да уланат. Биринчи күнү адистер туруктуу жашаган жери жок жарандарды аныктап, аларга керектүү медициналык, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүшкөн. Түнкүсүн баш калкалоого муктаж болгондорго муниципалдык түнкү башпаанек сунушталган.
Мындан тышкары, рейддин катышуучулары кароосуз калган имараттарды, жер төлөлөрдү жана үй-жайсыздар жүрүшү мүмкүн болгон башка жерлерди текшеришти. Бул профилактикалык иш-чаралар шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга жана туруктуу жашаган жери жок адамдардын чогулушун алдын алууга багытталган.
Муниципалитет белгилегендей, рейддин негизги максаты — коомдук тартипти сактоо гана эмес, оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга өз убагында жардам көрсөтүү, аларды тиешелүү социалдык колдоо кызматтарына багыттоо болуп саналат.







