Мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин дароо иштелип чыккан. Депутат Эрулан Кокулов энергетикалык суусундуктардын жаш муундун ден соолугуна тийгизген терс таасирин белгилеп, сатууга катуу чектөө киргизүүнү сунуштайт.
Энергетикалык суусундуктарды балдарга сатууга тыюу салуу — коомубуздун ден соолугун коргоо багытындагы маанилүү кадам.
Кайда сатууга болбойт
Долбоорго ылайык, энергетикалык суусундуктарды 18 жашка чыга электерге дүкөндөрдө, кафелерде, ресторандарда, интернет аркылуу жана жеткирүү кызматтарында сатууга тыюу салынат. Өзгөчө вендинг автоматтары аркылуу сатуу толугу менен токтотулат.
Сатуучулар кардардын жашынан күмөн санаса, анын жеке күбөлүгүн же санариптик документин талап кылууга милдеттүү. Документ көрсөтүлбөсө, суусундук сатылбайт.
Курьерлерге өзгөчө талап
Жеткирүү кызматынын кызматкерлери энергетикалык суусундукту алуучунун жашын өздөрү текшериши керек. Заказды эшиктин алдына таштап кетүүгө же жашы жете элекке берүүгө тыюу салынат.
Айып пулдар
Бузуулар үчүн административдик жоопкерчилик каралган. Биринчи жолу эреже бузган жеке адамга 10 миң сом, юридикалык жакка 35 миң сом айып пул салынат. Бир жыл ичинде кайталанса, сумма 20 миң жана 55 миң сомго чейин көбөйөт.
Айып пулдардын өлчөмү
Кошумча, вендинг автоматтары аркылуу сатууга дагы ушундай эле айып пулдар каралган. Тыюу тууралуу маалыматты кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырбаган жеке адамга 1 миң сом, юридикалык жакка 5 миң сом өлчөмүндө эскертүү же айып пул салынат.










